SUPER.KG порталынын #SupersportАзатайтат долбоору акыркы бир жума ичинде Кыргыз өлкөсүндөгү жана дүйнөлүк спортто орун алган урунттуу учурлар менен тааныштырууну улантат.
Санкт-Петербургда өткөн мелдеште кыргыз мушкери Дастан Ташполотов атаандашын укмуштуудай нокаутка учуратты. Кыргыз элинин сыймыгы болгон балбан кыз Айсулуу Тыныбекова ага Камчы Көлбаев унаа белек кылганын ачыктады. Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Мьянма-Кыргыз өлкөсү беттеши 30-мартта Мандалай шаарында өтөт.
Дүйнөлүк спортто эмне кеп? Орусиялык атактуу UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун футбол жылдызы Криштиану Роналду менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп жаткан видеосу жарыяланды. Криштиану Роналду футбол тарыхындагы абсолюттук рекордду кайталады. Эми футболчу бир эле гол жаратса дүйнөлүк рекордду жаңылайт.