Белгилүү төкмө акын Идирис Айтбаев бүгүн, 12-январда 36 жашка толду. Учурда мектепте балдарга сабак берип жатканын айткан акын туулган күндү белгилебегендердин катарына кирет.
"Туулган күндү белгилебейм деле. Бирок бул күнү атам менен апамды кубандырып, аларга белек берип турам. Муну жыл сайын аткарганга аракет кылам. Бүгүн дагы ата-энеме камдаган белегимди тартуу кылдым. Андан тышкары турмушка чыккан эки карындашыма дагы алтын шакек тартууладым. Ата-энем кубанып, "коомдогу кадыр-баркың дагы да өссүн" деп көздөрүнө жаш алышты. Башка эркектер дагы турмушка чыккан эже-карындаштарынан кабар алсын деген ниетте жасадым. 
Апамдын бутун жуудум. Анткени айрым эси жок тентектер апасынын туулган күнүнө торт алып барып, куттуктап, куттуктабай жатып тортту бетине чаптап салып жатат. Мына ушундай Европаны туураган балдар мени көрүп аз да болсо сабак алышсын. "Апасынын да бутун өбөбү, жийиркеничтүү" деши мүмкүн айрымдары. Бирок эмне дешсе десин, башкысы коомдо жакшы жакка өзгөрүүлөр болсо экен.
Негизинен туулган күнүмдү ибадат кылуу, жакшылык жасоо, кайыр-садака берүү, ата-энемди, бир туугандарымды кубантуу менен өткөрөм", - деди ал.


Идирис Айтбаев 1985-жылы 12-январда Өзбекстандын Андижан шаарында туулган. 2014-жылы Ош шаарында өткөн кыргыз-казак айтышында биринчи жолу сахнага чыгып, ошондон тарта калың элге төкмө акын катары аты таанылган. 2017-жылдын 5-сентябрында резиденцияда кыргыз-өзбек президенттеринин жолугушуусунда чек ара маселеси жөнүндө төгүп ырдаганы үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев акынга үй жана унаа белек кылган.

12-январдын жылнаамасы.