Жалал-Абадда жакынкы күндөрү бала бакчалар ачылат





Жалал-Абад шаарындагы бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө уруксат берүү боюнча иш жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн вице-мэр Руслан Алтымышев баштаган топ калаадагы бала бакчалардын санитардык абалын текшерип чыкты.
"Бала бакчаларга наристелерди кабыл алуу боюнча атайын алгоритм иштелип чыккан. Бир тайпада 15-20 бала болуп, санитардык нормалар так сакталууга тийиш.
Бала бакчалардагы абал тууралуу жакынкы күндөрү шаардык штабдын жыйынында талкууланып, кайсы күндөн баштап уруксат бериле турганы жөнүндө чечим кабыл алынат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
1:04
2021-01-17

0:51
2021-01-17

13:56
2021-01-16

11:31
2021-01-16
10:30
2021-01-16
9:35
2021-01-16
9:31
2021-01-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.