"Жардам бергиле. Мен бала менен камалып жатам". Орусияда өрттө жардам сураган аял кызы менен каза болду

Орусиянын Екатеринбург шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттө сегиз адам каза болду. Анда тогузунчу кабаттын жашоочусунун жардам сурап Твиттерге жазган постту социалдык тармакка тарады.

"Жардам бергиле. Өрт өчүрүү кызматына чалгыла. Төмөнкү кабат күйүп жатат. Мен бала менен камалып жатам. Биз муунуп жатабыз. Биз өлүп жатабыз", - деп жазылган билдирүүдө.

Өрт 12-январга караган түнү саат 03:00дө башталган. Өрттөн каза болгондордун арасында 7 жашар кыз бар. 9 адам жаракат алган. Каза болгондор 2-5 жана 9-кабаттардагы батирлерден табылган. Тогузунчу кабаттан табылгандар Твиттерде жардам сурап кайрылган аял жана анын 7 жаштагы кызы болгон.

Орусияда өртөн куткарууга жардам сураган аял кызы менен каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Almazhhhh
2021-01-12 18:13:57
Оччен Жаль!
+3
Asmat84
2021-01-13 08:59:42
Кызык... Инстаграмга жазбай өрт өчүрүүгө чалбайбы десең
+2
Isikkolumkeremet
2021-01-13 13:17:24
Жакын жашаган га чалбайбы десен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан