Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровго куттуктоо телеграммасын жөнөттү

Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайлангандыгына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Түркиянын президенти өз куттуктоосунда Садыр Жапаровго ийгиликтерди каалап өттү.

"Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровго ийгиликтерди каалады. Ошондой эле өлкөлөр менен элдердин ортосундагы тыгыз жана достук байланыштардын негизинде эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн биргелешип кызматташууга даяр экендигин билдирди", - деп жазылат куттуктоо телеграммасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан