2020-жылы Бишкек шаарынын көчөлөрүнө, сейил бактарга, скверлерге, веложолдорго, анын ичинде 31 турак жайга, кубаттуулугу 50-150 Вт болгон 13 миң 227 даана жарыкдиоддуу чырактар орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иштеп жаткан жарык түйүндөрүндө 1 миң 382 чырак алмаштырылды. 238,2 чакырым өзүн-өзү камсыз кылган изоляцияланган зым тартылды. Мындан тышкары сырткы жарык тармактары, тирөөчтөр калыбына келтирилди, авариялык кырдаалдар жоюлду.
"Ишкананын өзүнүн цехинде тышкы жарык берүү үчүн эки миңден ашуун бетон таянычтары, 1800 темир түркүктөр, 10 миңге жакын кронштейндер, 43 жарнак такталары даярдалып орнотулган.
Ошондой эле, "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандырууну башкаруунун автоматташтырылган тутумун орнотууну ишке ашырды. Бул энергияны натыйжалуулугун жогорулатуу көйгөйүн чечүү болуп саналат", - деп жазылат билдирүүдө.
2021-жылы "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк программасына ылайык, 10 миңден ашык жарыкдиоддуу чырактарды орнотуу, 10дон ашык турак жай конуштарында жаңы тышкы жарык тармактарын куруу пландаштырылууда.