Өлкөдө аба ырайынын шартына ылайык, ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өлкөдө аба ырайынын шартына ылайык, ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-январдан 16-январга чейин аба ырайынын шартына ылайык Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Красная Горка-Акташ унаа жолдорунда, ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө.

Буга байланыштуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларды жолдо сак болуу менен биргеликте унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарыл экендигин эскертишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан