Чүй, Ысык-Көл облустарында балык чарбалары активдүү көбөйүп жатканы айтылды

Чүй, Ысык-Көл облустарында балык чарбалары активдүү көбөйүп жатканы айтылды. Бул тууралуу Балык чарбасы департаментинин директору Эдиль Ниязов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Парламентте "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Бул мыйзам долбоору балык чарбасын өнүктүрүүгө, балык запастарын сактоого жана көбөйтүүгө, ошондой эле калктын балык азыктарына болгон керектөөсүн камсыздоого багытталгандыгын белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Самат Ибраев балык өстүрүүнүн көлөмү, тармактын кирешелүүлүгү, ошондой эле бул товардык продукцияны импорттоо боюнча маселелерге кызыкты.

Балык чарбасы департаментинин директору Эдиль Ниязовдун маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстанда 5 миң тонна балык өстүрүлүп, 1 миллиард сом киреше алынган. "Ошондой эле өлкөбүздүн аймагына 4-5 миң тонна консерваланган жана океан балыгы алып келинди", - деди Ниязов.

Ал акыркы жылдары республикабызда, айрыкча Чүй, Ысык-Көл облустарында балык чарбалары активдүү көбөйүп жатканын белгиледи. ”Чүй облусунда 71, Ысык-Көл облусунда 18 балык чарбалары иштеп жатат”, - деди Ниязов.

Талкуудан соң мыйзам долбоору экинчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан