"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик гимнинин текстинде кездешкен "бейкут" деген сөздүн маанисин түшүндүрүп берди.
Эске салсак, 2012-жылдын 27-декабрында Жогорку Кеңеште мамлекеттик гимнинин текстин жана мамлекеттик желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык, гимндеги “бейкуттук" деген сөз кошулган куплет кыскартылган.
Бей. Мааниси - жок дегенди билдирет. Иран тилинен кирген. Негизи "бей" деген сөз уңгунун алдына коюулучу префикс катары колдонулат. Мисалы: бейкут, бейажал, бейпил, бейрасмий.
"Бейкут" деген сөздүн мааниси Юдахиндин сөздүгүндө "спокойный", "безмятежный" деп которулган.
Эл арасында бул сөз илгертен эле колдонулуп, оң маанини билдирген. Кыргыз тилинде бей кошулган сөздөр оң маанини да, кээде терс маанини да берет. Мисалы: бейажал деген сөз "күтүүсүз өлүм" деген маанини билдирет. Дагы бир мисал: бейадеп - бул адеби жок, адепсиз дегенди түшүндүрөт.
"Бейпил" - бул сөз бизде оң мааниде колдонулуп жүрөт. Илгери пилдер келип тынч жашап жаткан элдин турак-жайын бузуп, бүлүк салып кетчү экен. Пил жок, тынч мезгилди адамдар бейпил деп атап алышкан экен деген божомолдор айтылып жүрөт.
"Жалпысынан алып караганда "бей" деген префикстин сөздүн алдына кошулуп жазылышы түрк тилдерине мүнөздүү эмес. Анткени бул орус тилиндегидей приставка болуп жатпайбы. Кыргыз тилинде уңгунун алдына префикс келбейт. Бирок бизде "бей" ден башка дагы "на" деген префикс колдонулуп жүрөт. Мисалы: натура" , - дейт профессор.