Юрий Краковецкий Дохада өтүп жаткан рейтингдик мелдеште мурдунан жаракат алып, жеңилүү ызасын тартып калды

Бүгүн, 13-январда Катардын борбору Доха шаарында "Doha Masters" эл аралык рейтинг мелдеши өтүп жатат.

Бул мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан Юрий Краковецкий катышып жатат. Кыргыз дзюдочусу турнирдеги алгачкы жүрүшүн 1/16 финалдан баштап, анда олимпиада чемпиону бразилиялык Рафаэль Сильва менен кез келип, атаандашынын үстүнөн жеңишке жетти.

Кийинки беттешинде Краковецкий орусиялык Темирлан Башаев менен кез келди. Баштапкы мүнөттөрдө кыргыз дзюдочусу бир топ активдүү болуп жаткан. Бирок ал ыкма жасоодо мурдунан жаракат алды. Бул жаракат ага бир топ ыңгайсыздык жаратып, жыйынтыгында жеңилүү ызасын тартып калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан