Ысык-Көл облусуна "Тез жардам" унаалары берилди

Ысык-Көл облусуна жаңы 9 медициналык "Тез жардам" унаасы берилди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалар облустагы калктын муктаждыгына жараша эң зарыл болгон оорукана, бейтапканаларга тапшырылды. Анда "Тез жардам" унаалары:

  • Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына;
  • Облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна;
  • Түп райондук ооруканасына;
  • Тоң райондук ооруканасына;
  • Балыкчы шаардык ооруканасына;
  • Ананьево айылдык жалпы дарыгерлик практика борбору;
  • Чолпон-Ата шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборуна тапшырылды.

"Жакын арада облус тургундарынын саламаттыгы үчүн маанилүү болгон 2 портативдик рентген аппараты, 1 стационардык рентген жана 1 компьютердик томография аппараты бар "Тез жардам" унаасы келээри күтүлүүдө. Алар Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондоруна жеткирилет", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KGZ-RUS
2021-01-13 21:09:49
ушу газельден башка машина алса болбойбу бир айдан кийин бузулуп жатат жолдо
+1
Sabyr_Baymatov
2021-01-13 21:19:22
KGZ-RUS,Газель Соболь, Форд Транзит унаалары өзүбүздүн Кыргызстанда чыга баштаган.
+2
emirchik
2021-01-13 21:57:39
Озубуздун Ошто Скори чыгара баштадыго Газелди эмне кылат деги Рассиянын Машынасын Албагылачы качан корсон кочодо туртуп журушот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан