Социалдык фондунун жарандарды, арыздарды кабыл алуу жана калк менен иш алып баруу бөлүмүнө 2020-жылдын 1-январынан тартып 11 миң 752 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн. Анын ичинен 473 жазуу жүзүндөгү кайрылуулар, 228си электрондук арыздар. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын 12 айында 9 миң 87 телефон чалуулар, анын ичинен уюлдук телефон аркылуу 942 чалуулар түшкөн.
"Учурдагы өлкөдө болуп жаткан COVID-19 пандемиясынан улам орун алган жагдайга карабастан 2020-жылдын 12 айында 975 жаранга оозеки кабыл алуу болду жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча түшүнүктөр берилди.
Андан тышкары төрага, төраганын орун басарлары жана аппарат жетекчиси тарабынан 61 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду", - деп жазылат мекеменин маалыматында.