Бүгүн, 14-январга караган түнү футбол боюнча Франциянын Суперкубогу үчүн болгон беттештин финалында париждик "ПСЖ" клубу менен "Марсель" футболдук клубу кез келди.
Оюндун 39-мүнөтүндө "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Мауро Икарди эсепти ачты. Экинчи бөлүктүн 85-мүнөтүндө париждик клубдун дагы бир чабуулчусу Неймар пенальтиден эсеп санын 2:0гө айлантты. 4 мүнөттөн кийин "Марсель" клубунун жарым коргоочу Димитри Пайет эсеп санын 2:1ге айлантты.
Бул көрсөткүч менен "ПСЖ" клубу 8-жолу катары менен Франция Суперкубогун жеңди. Аталган клуб Суперкубокту 2013-жылдан бери эч кимге бере элек. Коронавирус пандемиясынын айынан мөөнөтүнөн мурда аяктаган 2019/2020 сезонунда "ПСЖ" Франциянын чемпиону аталган.
"ПСЖ" - "Марсель" (2:1);
Голдор: Мауро Икарди (39-м), Неймар (85-м), Дмитри Пайет (89-м).