Бүгүн, 14-январдан 16-январга чейин айрым унаа жолдорунда кар көчкү түшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-январдан 16-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-100-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226-чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы), Красная Горка-Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экени эскертилет.