Бүгүн, 14-январда мектеп окуучулары үчүн видеосабактардын жадыбалы боюнча 260 мугалим онлайн сабак өтүүгө даяр. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндөгү айрым мектеп окуучулары аралыктан билим алышат. 260 мугалим видеосабактарын жаздырып алышты. Алар КТРК "Баластан" жана ЭлТР "Илим, Билим" телеканалдарында көрсөтүлөт.