Бүгүн мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча судьяга өтүнмө берилет

Бүгүн, 14-январда мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча судьяга өтүнмө берилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Замир Жоошев билдирди.

"Алмазбек Атамбаевге карата бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтү бүгүн киргизебиз. Өтүнүч Азиз Батукаевдин иши боюнча берилет. Себеби ушул иштин алкагында Атамбаев 1 жыл 5 айдан ашык мөөнөттөн бери абакта кармалып отурат. Мыйзамга ылайык, соттук териштирүү бүтпөй жатса 1 жылдан ашык мөөнөткө кармаса болбойт. Алмазбек Атамбаевди мындан ары кармаганга негиз жок. Бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч анын ден соолугунун абалына дагы байланыштуу болуп жатат. 2020-жылдын 16-декабрында Конституциялык палата 1 жылдан ашык кармаса болбойт деген чечим чыгарган. Бул нерсени дагы өзүбүздүн өтүнүчтө көрсөтөбүз", - деди жактоочу.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Алмазбек Атамбаев өтүп жаткан 3 иш бар. Алар: Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин жаңылоо жана Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин жер тилкелери боюнча бардык иштер.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Janyl98
2021-01-14 10:37:30
Алмазбек Атамбаевти кое бериш керек. Калп эле ичти жеди кылып туруп камап коюшкан. Болбосо эн мыкты президент болгон. Сооронбай Жээнбеков далай кишинин убалына калды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан