Караколдогу газ баллондун жарылуусунан жабыркаган бейтап Бишкекке жөнөтүлөт
Каракол шаарында газ баллондун жарылуусунан жабыркаган адам Бишкекке которулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-январда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облустук ооруканасына барган.
"Министрдин катышуусундагы консультациядан кийин бир жабырлануучуну андан-ары дарылануу үчүн Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна өткөрүп берүү чечими кабыл алынды", - деп билдиришти министрликтен.
Эске салсак, Караколдогу тез тамактануучу жайдын газ баллону жарылып, бир кыз каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:03
2021-01-22
18:28
2021-01-22
17:27
2021-01-22
17:24
2021-01-22
17:20
2021-01-22
17:9
2021-01-22
16:41
2021-01-22
16:39
2021-01-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.