UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун Жастин Гэйтжи менен болгон беттеште салмактан өтпөй калганын айтып чыкты. Бул тууралуу Макгрегор The MacLife басылмасына берген маегинде айткан.
"Менин оюмча, ал акыркы беттешине салмактан өткөн эмес. Анын беттештердеги бардык салмактан өткөндөрү таң калычтуу. Бул адаттан тыш мүнөзгө ээ болуп жатат", - деген Макгрегор.
24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.