Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун сербиялык чабуулчусу Лука Йович Германиянын "Айнтрахт" футболдук клубуна өттү. Мындай маалымат эки клубдун тең расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, футболчу быйылкы жылдын сезону аяктаганга чейин "Айнтрахт" клубуна ижара иретинде өттү.
Лука Йович карьерасындагы эң жакшы убакытты "Айнтрахт" клубунда өткөргөн. 2018/19 сезондо Йович германиялык клубдун катарында жалпы 47 оюн өткөрүп, 27 гол киргизген. Ал эми "Реал Мадрид" клубу үчүн бир жарым жылдын ичинде 32 оюн өткөрүп, эки гана гол жарата алган.