"Жок жерден тоонун чокусуна чейин". Хабиб Нурмагомедов көпчүлүктү шыктандырчу сүрөтүн жарыялады

UFC уюмунун чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов көпчүлүктү шыктандырчу сүрөтүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Жок жерден тоонун чокусуна чейин" деп жазган Хабиб Нурмагомедов.

Сүрөттө күзгүнүн алдында кичинекей бала турганы көрсөтүлгөн. Ал бала кездеги Хабибдин образын чагылдырат. Хабиб Нурмагомедовдун бойго жеткен версиясы аны күзгүдөн карап турат. Анда Хабибдин чемпиондук кур менен турганын көрүүгө болот.

24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан