Кыргызстанда иштелип чыккан Tez Sat тиркемесин 100 миңден ашуун киши жүктөдү

Tez Sat (Тез Сат) акысыз жарыялар тиркемеси иштеп баштагандан 6 ай өтүп-өтпөй көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланды. Бул тууралуу Play Market жана App Store дүкөндөрүндөгү көрсөткүчтөр күбө болуп берүүдө. Белгилей кетчү нерсе, ишке киргенден тартып кыска убакыттын ичинде, тиркеме 100 миңден ашуун жолу жүктөлүп алынган.

Биздин мекендештер атайын кыргызстандыктар үчүн соода-сатык жүргүзүүгө ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүү, тактап айтканда, бардык товарларды жана кызматтарды сатып алуу, сатуу, алмашуу, ижарага берүү жарыяларын өлкө боюнча жана ар бир аймакта өзүнчө жайгаштыруу максатында иштеп чыгышкан.

Эми ар бир колдонуучу жарыясын тез, ыңгайлуу, жана эң негизгиси акысыз жайгаштырып, керексиз буюмунан арыла алат же тескерисинче - керектүү нерселерин арзан баада сатып ала алат.

Шаардык кеңсе кызматкери болобу же эң алыскы айылдын тургуну болобу, Tez Sat жарыялар кызматы баарына каалаган нерсесин сатууга же сатып алууга жардам берет.

Tez Sat’тын негиздөөчүсү Нургазы Сулаймановдун айтымында, 2021-жылы мындай кызматты ар бир адам колдонушу керек. Анткени бул убакытты үнөмдөгөндөн тышкары, кардарлар жана сатуучулардын ортосундагы байланышты жокко чыгарып, короновирус инфекциясын жуктуруп алуу коркунучун кыйла азайтат.

"2020-жыл адамдардын физикалык жана эмоционалдык ден соолугуна гана эмес, материалдык жагына да чоң кесепетин тийгизди. Ар бир жаран кирешесинин бир бөлүгүн жоготкону же таптакыр айрылганы баарыбызга маалым. Жумушунан айрылгандар "Жумуш" категориясынан жаңысын таба алышы үчүн; буюмдарды жана тамак-ашты сатып алууда "Кийим-кече" жана "Азык-түлүк" категориялары боюнча сатуучулар менен түздөн-түз байланышып акчаны үнөмдөө; керексиз нерселерди оңой, тез сатуу жана андан түшкөн каражатты чындыгында маанилүү нерсеге жумшоо - мына ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Tez Sat тиркемеси иштелип чыккан”, - деп түшүндүрдү Сулайманов.

Сулайманов Тез Саттын негизги милдети аймактарды өнүктүрүү экендигин белгилеп:

“Биз айылдагы кымбаттуу мекендештерибиздин заманбап технологиялардын жана электрондук коммерциянын артыкчылыктарын түшүнүшүн каалайбыз, бул алардын каалаган нерсесин смартфондордун жардамы менен эле сатышына шарт түзөт. Ушул оор учурда баарыбыз биримдүү болуп, ошол эле учурда акыркы технологияларды колдонууда алдыга гана умтулганыбыз туура! Биз өз тарабыбыздан Tez Sat платформасын ар бир кыргызстандык үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу болушу үчүн сунуштарды жана ой-пикирлерди угууга ар дайым даярбыз."

Tez Sat жөнүндө - Ар бир аймак үчүн иштелип чыккан жана соода-сатык, ижара, кызматтар жана алмашууларды камтыган акысыз жарыялар кызматы.

7 облусту камтыйт: Чүй, Ош, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Жалал-Абад. 493 айыл аймагы, 40 район, 22 шаар жана ар бири үчүн ыңгайлуу шарттар каралган.

Товарлар ыңгайлуулук үчүн 20 категорияга бөлүнгөн: 1. Транспорт 2. Кыймылсыз мүлк 3. Кийим-кече 4. Айыл чарба техникалары 5. Электроника 6. Айыл чарба 7. Кызмат көрсөтүүлөр 8. Тамак-аш 9. Үй тиричилик 10.Курулуш материалдары 11.Спорт жана эс алуу 12.Кайрымдуулук 13.Китептер жана кеңсе буюмдар 14.Бөбөктөр үчүн 15. Жумуш 16. Кол өнөрчүлүк 17. Такси 18. Дарыкана 19. Башка 20. Ысык-Көл

Tez Sat уюлдук тиркемени Android жана iOS системалары үчүн бул шилтеме аркылуу https://taplink.cc/tezsat.kg жүктөп алсаңыздар болот. Ошондой эле расмий сайтыбыз бул дарек аркылуу жеткиликтүү www.tezsat.kg .

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан