Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу Эмир-Хан Кыдыршаевдин Испаниянын "Леванте" футболдук клубунун кароосунда жүргөн сүрөтү Кыргыз футболдук союзунун расмий сайтына жарыяланды.
"Эмир-Хан Кыдыршаев белгилүү италиялык футболчу Паоло Россинин академиясында 1 жарым жыл окуп, андан кийин Италия чемпиондугунун В сериясында ойногон "Перуджа" футболдук клубунда жарым жылдай ойногон", - деп жазылат футболдук союздун сайтында.
"Леванте" футболдук клубу 1909-жылы негизделген. Учурда бул футболдук клуб Испания чемпиондугунун жогорку лигасында (Ла Лига) ойнойт.
Буга чейин Камчыбек Ташиев өзүнүн кичүү уулу Эмир-Хан Кыдыршаев "Леванте" клубунун кароосунда жүргөнүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.