"Кайра кайтабы?". Хабиб Нурмагамедов UFC уюмунун президенти Дана Уайт менен жолугушат

UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен уюмдун президенти Дана Уайт жакын арада жолугушат. Бул тууралуу өздүк булактарына таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Хабиб Нурмагомедов менен Дана Уайт экөө тең азыр Дубай шаарында. Эки атактуу турнирлердин биринен кийин жолугушуу өткөрүүнү пландап жатканы айтылды. Жолугушууда Хабиб Нурмагомедовдун сегиз бурчтукка кайтып келиши тууралуу сөз болот.

Буга чейин Хабиб Нурмагомедов беттеш үчүн 100 миллион доллар сунушталса сегиз бурчтукка кайтып келе аларын кыйыткан.

24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Napaleon
2021-01-16 17:28:40
Хабиб 30-0 кылып койсо болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан