Кыргыз мушкери Кубаныч Абдисалам уулу BRAVE CF & KREPOST биргелешкен мелдешинде беттешин мөөнөтүнөн мурда утуп алды.
Мушкер тажикстандык Жагонгир Саиджамалов менен чыгып, экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп алды.
Мелдеш Орусиянын Сочи шаарында болуп өттү.
Аталган мелдеште оор салмак категориясында Кыргыз өлкөсүнөн дагы бир мушкер Жыргал Чомонов орусиялык Константин Ерохин менен беттешет.