UFC: Хабиб Нурмагомедов карьерасын уланта тургандыгын жарыялады

UFC уюмунун чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов карьерасын улантууга кызыкдар. Бул тууралуу уюмдун президенти Дана Уайт чет элдик спорттук басылмаларга билдирген.

Маалыматка ылайык, Хабиб Нурмагомедов менен Дана Уайт Абу-Даби шаарында өткөн турнирден кийин жолугушкан.

"Хабиб мага: "UFC 257де жеңил салмактагы эки беттешти көрөм" деди. Эгерде Конор Макгрегор - Дастин Порье жана Майкл Чандлер - Дэн Хукердин беттешинде мушкерлердин бири таасирдүү нерсени көрсөтсө, ал кайтып келет", - деген Уайт.

24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KBD1987
2021-01-18 10:17:32
Ушунча топтогон авторитети менен эле чыгып кеткени жакшы болот эле.
+11
rysik79
2021-01-18 10:35:08
Хабипти сындырыштын айласын кылып жатышат да.
+8
batleybesh
2021-01-18 13:01:36
rysik79,оа туура
+3
Tolik555
2021-01-18 10:56:59
Эркек айта да берет,кайта да берет,дегенден болуптур го.
+12
Shabi
2021-01-18 11:43:05
Ачыгын айтсам,ушул хабибке Караганда Конор кызыктуу урушат стойкада,тоголонуп-жумаланбай.А Канат Келдибековко караганда Сары кыз Валянын бойлору кызыктуу.
+12
batleybesh
2021-01-18 13:02:10
Shabi,сен эмне кылаласын деги, коммент жазып сындагандан башка
-5
ooki8888
2021-01-18 11:51:06
Женилбес мушкер бойдон калса болмок.
+6
PROS
2021-01-18 22:46:37
Дэна Уайт сентябрдан бери эле "Хабиб кайтам деп айтты" деп айтып келет го. Бул жерде Уайт байке эле мутить этип жатат го дейм.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан