Футбол боюнча Казакстандын чемпиону болгон "Кайрат" футболдук клубу белгилүү кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкуловдун мультфилм каарманындагы сүрөтүн клубдун расмий сайтына жарыялады.
"Аптаны позитивдүү баштайлы. Эгер биздин жигиттер "Дисней" компаниясынын каармандары болсо...", - деп жазылат билдирүүдө.
Сүрөттө көрүнгөндөй Гүлжигит Алыкуловдун сүрөтү дүйнөгө белгилүү "Дисней" компаниясынын мультфильмдеринин бириндеги каармандын сүрөтү менен окшоштурулуп жасалган.
Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубуна "Неман" клубунан 2020-жылдын январь айында өткөн.