Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова өткөн аптада Ниязалы Борошов атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалды. Кызматтык дайындоодон кийин ырчынын дарегине карата эки тараптуу пикирлер айтылды. Талкуудан кийин Самара Каримова өзүнүн өмүр баянын жарыялады.
1991-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн.
1998-2009-жылдары Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Айкөл айылында Н.Батыров атындагы орто мектебин аяктаган;
2009-2011-жылдары Кыргыз-Түрк Манас университетинде актёрдук бөлүмүндө окуган (2 курс);
2012-2017- жылдары Ош Экономикалык институтунун бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиги боюнча билим алган;
2017-2020-жылдары Ош мамлекеттик Юридикалык институтунан юристтик адис боюнча билим алган;
2019-жылдан баштап Б.Алымов атындагы Жалал-Абад маданият техникумунун режиссура адистиги боюнча билим алууда.
Иш тажрыйбасы:
2011- жылы Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында актриса;
2013-2017-жылдары Ош облустук элдик чыгармачылык борборунун директорунун орун басары (жетектөөчү адис);
2016-жылдары "Самара" театрлаштырылган топтун жетекчиси;
2017-2020-жылдары Ош шаардык маданият башкармалыгынын солисти;
2015-жылы Ж.Шералиев фондунун түштүк аймак боюнча өкүлү.
Чыгармачылык ишмердүүлүгү:
2012-жылы республиканын 7 дубанында, чоң шаарларда, Бишкек, Ош шаарында бир нече жолу жеке концерттерди аншлаг менен берген;
2014-жылы "Күзгү романс" спектаклинде башкы ролду ойногон;
2018-жылы "Илек-Илек" спектаклинде башкы ролду жараткан;
2018-жылы - 23 сериялуу "Акшоола " телесериалында башкы каармандын образын аткарган;
2019- жылы "Сен экөөбүз" тасмасында башкы каарман;
2019-жылы Орусиянын Кремль сарайынын чоң залында "От сердца Азии к Миру" аталышындагы жеке концертин койгон;
2019- жылы Өзбекстандын Ташкент шаарында "Маданият - достукка чакырат" аталышындагы жеке концертин койгон;
2019-жылы Өзбекстандын Манас кыргыз шаарчасында 5000ден ашык көрүүчүлөргө жеке концертин койгон;
Сыйлыктары:
- Таттыбүбү Турсунбаева атындагы эл аралык сыйлыктын ээси;