Бишкектик "Дордой" футболдук клубунун ганалык чабуулчусу Жоэль Кожо кыздуу болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматкери Тенгелбес Мусаев билдирди.
"Бүгүн, 18-январь күнү эртең менен "Дордой" клубу Жоэль Кожону кыздуу болушу жана командага кошулушу менен жылуу куттуктады. Учурда команда жаңы сезонго даярданып, Кант шаарында машыгууларын улантып жатат", - деди ал.
Жоэль Кожо 2019-жылы Айзада аттуу кыргыз кызына үйлөнгөн.
Жоэль Кожо "Дордой" клубуна Оштун "Алай" футболдук клубунан 12-январда өткөн.