Маданият министрлигинин Кайрат Примбердиевди наамынан ажыратуу сунушу канааттандырылган жок

Буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу программасына конок катары катышкан Кайрат Примбердиевди "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратуу боюнча сунушту президенттик аппаратка расмий жөнөткөн.

Президенттик аппаратка караштуу сыйлыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы министрликтин сунушун канааттандырган жок. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда комиссиянын каты жарыяланды.

Маалым болгондой, Жазык кодекси боюнча мамлекеттик сыйлыктар, аскердик наамдар, класстык чиндер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган учурда же өтө оор кылмыш кылган учурда гана кайтарылып алынат. Ал эми Кайрат Примбердиевдин окуясында Эмгек сиңирген артисти наамын алууга мыйзамдуу негиз жок деп айтылат комиссиянын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nazira...
2021-01-18 14:59:31
Алган наамындан да адамдык наамынды ойлобойсунбу. Шайтандын сөздөрүн сүйлөп алып, эл аралап кантип басып жүрөсүн, ошол жагын ойлодунбу.
+17
Asmat84
2021-01-18 15:02:07
nazira..., туура айтасың буларга наам эле керек калганын уруп ойнобойт го
Өтө начар бала экенсиң кайрат
+11
Nargiza1987k
2021-01-18 15:02:48
Элдин алдына ырдап чыканда кууп чыгыш керек сахнадан ошодон откон жаза жок.
+10
nazira...
2021-01-18 15:14:59
Nargiza1987k,точно. Тарбиясы болсо, акылы болсо баашында кечирим сурап кутулат эле. Өздөрү ырбатып алды кыйындыгын көрсөтүшүп.
+9
Ozgocho111
2021-01-18 15:12:23
Наамды да татыксыз алган, эн негизгиси адамдык, жигиттик сапат болуш керек эле..болгондо да маданият кызматкери, кандай уят, кандай уят. Эми ошол берууну ата энендин, балдарындын коруп жатканын элестеттинби уятсыз.Жада калса жигитче кыргыз элинен кечирим сураган жок... Бет да дракондун териси экен, соз жок----
+10
sultan_bek
2021-01-18 15:20:54
Туура кылыптыр ажыратпасын
-9
Gulina90
2021-01-18 19:23:06
Кечирим сураштыбы же былтыйып койдубу.Москвада ырдаса колдоп сүйүндүм эле,ошол аброюн жок эми.Эл колдобойт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан