Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун атактуу аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси Испания Суперкубогунун финалдык оюнунун алкагында "Атлетик Бильбао" клубунун оюнчусун башка чапкандыгы үчүн 12 оюнга чейин беттештерден четтетилиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эгер комитет "Атлетик Бильбао" клубунун чабуулчусу Асьер Вильялибрени башына чапкан Мессинин жүрүм-турумун агрессивдүү деп тааныса, анда Месси 4 оюндан 12 оюнга чейин беттештерден четтетилет.
Буга чейин Лионель Месси "Атлетик Бильбао" клубунун оюнчусуна карата орой ойногондугу үчүн кызыл айып кагазын алгандыгы кабарланган. Бул Мессинин "Барселона" клубундагы карьерасы үчүн алгачкы кызыл айып кагазы.