UFC уюмунун атактуу ирландиялык мушкери Конор Макгрегор куугунтуктоолор боюнча айыптоолорго пикирин билдирди. Бул тууралуу мушкер ESPN басылмасына берген маегинде айткан.
Маалыматка ылайык, 32 жаштагы мушкер бир нече ирет зомбулук тууралуу сын-пикирлерге кабылган. Тактап айтканда, мушкер өткөн жылдын сентябрь айында Францияда эс алып жүргөн учурунда мас абалында үй-бүлөлүү аялга кол көтөргөндөн кийин камакка алынган. Анын бул кылыгы социалдык тармактарда бир топ талкуу жараткан. Макгрегор өзүнүн берген маегинде болуп өткөн түшүнбөстүктөргө сынбаганын билдирген.
"Менин башымдан көп кыйынчылыктар өттү. Бирок, жашоодо сага эмне тоскоолдук жаратса, ошол нерсе сени күчтүү кылат. Мен сыноолорго туш болгондо үй-бүлөм жана командам мени колдоду", - деп жооп берген мушкер.
Конор Макгрегор кийинки беттешин "UFC 257" турниринин алкагында америкалык мушкер Дастин Порьеге каршы өткөрөт. Турнир 23-январда өтөт.