АКШнын мамлекеттик департаменти Орусияда кармалган оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды бошотууга чакырды. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеого таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"АКШ Орусиянын Алексей Навальныйды камакка алуу чечимин кескин айыптайт. Биз анын камакка алынышын Навальный сыяктуу орус бийлигин сындаган башка оппозиция өкүлдөрүнүн да оозун басуу аракети катары баалайбыз жана бул аракетке тынчсыздануубузду билдиребиз. Биз анын токтоосуз жана шартсыз бошотулушун талап кылабыз", - деп билдирген АКШнын мамлекеттик катчысы.
Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Мария Захарова Навальныйдын айланасындагы кырдаал боюнча чет элдик саясатчыларды эл аралык мыйзамдарды сыйлоого жана өз өлкөлөрүнүн көйгөйлөрү менен алек болууга чакырды.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-январь күнү Орусиянын Федералдык кызматы тарабынан изделип жаткан Навальный Германиядан Орусияга кайтып келгенде аэропортто кармалган. Ал баш коргоо чарасы аныкталганга чейин камакта калары маалым болду.