Орусиянын Москва шаарындагы Химки соту оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды 30 күнгө, тагыраагы, 15-февралга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу жактоочуга таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-январь күнү Орусиянын Федералдык кызматы тарабынан изделип жаткан Навальный Германиядан Орусияга кайтып келгенде аэропортто кармалган. Москванын Федералдык жазаларды аткаруу кызматы билдиргендей, ал сыноо мөөнөтүн бир нече жолу бузгандыгы үчүн 2020-жылдын 29-декабрынан бери издөөдө жүргөн. Ошондой эле соттун чечими чыкканга чейин камакта калары белгилүү болгон.
Эске салсак, Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва багыты боюнча учуп бара жатып, өзүн жаман сезгендиктен учак Омск шаарына конуп, ал ооруканага жаткырылган. Кийин анын абалы начар болуп кеткендиктен Германияга которулуп, дарыгерлер уулангандыгын аныкташкан.