Бүгүн, 18-январда Орусиянын Домбай курортунун аймагында кар көчкү түшүп, 4 кишиден 12 кишиге чейин басып калды деген божомолдор айтылууда. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Орусиянын өзгөчө кырдаадар министрлигине Мусса-Ачитара тоосундагы лыжа трассасына кар көчкү түшкөнү тууралуу билдирүү саат 13:30да келип түшкөн.
"Алдын ала маалыматтарга ылайык, эки лыжа тетиктерин ижарага берүү пункттарын кар көчкү басып кафе бузулган. Учурда кар көчкү алдында калган адамдар изделүүдө. Арасында жаш балдар болушу мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле жеринде 172 куткаруучу тобу иштеп жатат. Ал эми ӨКМ буга чейин 17-19-январь күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар экендигин эскерткендигин белгилешти.