АКШнын маалымат каражаттары 6-январда Капитолийге жасалган чабуулдун жаңы кадрларын жарыялады.
Видеодо Дональд Трамптын тарапташтары имаратка кирип, конгрессмендердин иш столдорун кыдырып, расмий документтерди сүрөткө тартып жатканын көрүүгө болот.
"Карагылачы, бул жерде аларга каршы колдоно турган кандайдыр бир документтер болушу мүмкүн. Биз багынбайбыз", - деген өңдүү сөздөрдү угууга болот.
Буга чейин 7-январга караган түнү Вашингтондо Трамптын тарапташтары Капитолийди басып алып, Сенат залына кирип барышкан. Полиция менен башаламандык уюштургандардын ортосунда кагылышуу болуп, жыйынтыгында төрт адам каза тапкан.