Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү аракетин көрүп эч тыным албай 14 сааттан ашык манас айткандан бери 2 айдан ашык убакыт өттү.
Андан бери кандай иш-чаралар көрүлүп жатат, дегеле дүйнөлүк "Гиннесстин рекорддор китебине" качан кирери тууралуу жубайы Ырыс Окенова SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Бүгүнкү күндө узак саатка тынбай манас айтуу боюнча 4 окумуштуунун илимий тыянак чыгарган резолюциясы англис тилине которулуп бүттү. Ал котормо биздин маданият, маалымат жана туризм министрлиги аркылуу Тышкы иштер министрлигине атайын өкмөттүн жана президенттин иш башкаруу уюмунун тапшырмасы менен атайын мамлекеттин атынан Лондонго Гиннесс уюмунун негизги өкүлчүлүгүнө жеткирилди.
Мындан сырткары документке кошулуп, 14 жарым саат манас айткан далилдүү видео аны менен бирге 15 мүнөттүк атайын англис тилинде которулуп даректүү фильм даярдалган. Бул ошол окуяны баштан-аяк камтыган хроника сыяктуу тасма, учурда ал дагы жетти. Бул иш-чараны мамлекет өз көзөмөлүнө алып, тагыраагы, "Гиннесстин рекорддор китебине" каттатуу мамлекеттин атынан жиберилди. Бул ТИМдин жана өкмөттүн көзөмөлүндө. Лондондогу биздин элчилик аркылуу Гиннесс редакциясы менен түзмө-түз байланышып жатабыз. Бүгүнкү күндө Лондондон жооп күтүүдөбүз. Бизге жеткен маалыматтар боюнча ал жакта Жаңы жылдан кийинки каникулдар, пандемиянын кайсы бир шарттарынан кийин анан ишке чыгып жатышыптыр. Жакында маалыматтар келип калат деп күтүп жатабыз. Буюрса, кыргыз элибизге жакшы жаңылыкты сүйүнчүлөчү күндөр да алыс эместир", - деп билдирди Ырыс Окенова.
Эске салсак, 12-ноябрь күнү манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт убакыт бою эч тыным албай, тамчы суу ичпестен манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылган.