Тоолуу Карабахтагы Армения-Азербайжан кагылышуусунда Азербайжан тараптан 2 миң 855 аскер кызматкери каза болуп, 50 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирүү жасаган.
"Карабахтагы согушта курман болуп, 18-январга чейин көмүлгөн Азербайжан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 2 миң 855 аскер кызматкеринин жана дайынсыз жоголгон 50 аскер кызматкеринин сүрөттөрүн, ысымдарын, аскердик наамдары жана туулган күнү тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз. Дайынсыз жоголгон аскер кызматкерлерин издөө жана аныктоо иштери жүрүп жатат", - деп жазылат Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.
Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Армения Азербайжан тарапка Агдам Кельбажар жана Лачин райондорун өткөрүп берген. Учурда аталган аймактарды Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөөдө.