Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жарым коргоочусу Одилжон Абдурахманов коңшу Өзбекстандын күчтүү делинген "Бунёдкор" футболдук клубуна өттү. Мындай маалымат аталган клубдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
16-январда өткөн "Бунёдкор" - "Ок-Тепа" беттешинде кыргыз футболчусу оюнга негизги курамда чыккан. Оюн 3:2 эсебинде "Бунёдкордун" жеңиши менен аяктады.
Өткөн сезонду Одилжон Абдурахманов Оштун "Алай" клубунда өткөргөн жана өлкө Кубогун жеңип алган.
"Бунёдкор" клубу футбол боюнча Өзбекстандын 5 жолку чемпиону.