Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова өткөн аптада Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалып, 15-январда эмгек жамаатка тааныштырылганы кабарланган.
Бүгүн, 19-январда ал иш ордунан "Т-Медиа" телеканалынын кабарчысынын суроосуна жооп берди.
Айтымында, эмгек жамаат менен тыгыз иштешүүдө.
Ошондой эле иш күнү саат 08:00дө башталганын, кадимкидей жумуш уланып жатканын билдирди.
Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп сотко кайрылып, утуп алганы маалым болгон.
Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Самара Каримованын сотто утуп алганы боюнча апелляциялык арыз даярдалып жатканын, мыйзам талаасында иш жүргүзүлөрүн кабарлашкан.
17-январда ал окуу жайдын айрым кызматкерлерине карата арыз жазганы белгилүү болду.