Казакстандын белгилүү "МузАРТ" тобунун ырчысы Мейрамбек Бесбаев коронавирус илдетине чалдыгып, ооруканага түштү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 17-январда ырчынын абалы начарлап "Тез жардам" кызматы чакыртылган. Дарыгерлер алгач пневмония диагнозун коюшуп, кийин коронавирус экендигин айтышкан.
"МузАрт" тобунун директору Ерлан Жүнисбай жергиликтүү басылмаларга "Эл дагы өз саламаттыгына көңүл бурсун деп, болгон окуяны айтып жатабыз",- деп билдирген.