Түркмөнстан "Sputnik V" вакцинасын Борбор Азия өлкөлөрүнөн биринчи болуп каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо жана медициналык өнөр жай министрлиги коронавируска каршы Орусияда иштелип чыккан "Sputnik V" вакцинасын расмий түрдө каттады.
Буга чейин "Sputnik V" вакцинасын Аргентина, Боливия, Венесуэла, Парагвай, Сербия, Алжир жана Палестина өлкөлөрү каттоодон өткөргөн.