Өлкөдө коронавирустан үй шартында дарыланып жаткан 958 бейтап бар

Өлкөдө коронавирустан үй шартында дарыланып жаткан 958 бейтап бар. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

"Бүгүнкү күндө коронавирустан стационардык шартта дарыланып жаткан 742 бейтап, ошол эле маалда үй шартында амбулатордук дарыланууда 958 бейтап бар. Өкүнүчтүүсү өткөн суткада COVID-19 илдетинен 3 адам каза болду. Анын бири Ош облусунан, экөө Бишкек шаарында катталды. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал чыңалуу бойдон калууда. Бишкек шаары, Чүй, Ысык-Көл облусунда башка аймактарга караганда көрсөткүчтөрү жогору болууда. Вирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгондор обочолонууга алынып, аларга үй шартында медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат", - деди Үсөнбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан