Дональд Трамп коштошуу кайрылуусун жаздырганы айтылды

Кечээ, 18-январда АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп кызматтан кетер алдында коштошуу видеокайрылуусун жаздырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Дональд Трамптын кайрылуусунда башка нерселер менен катар бийлик учурунда төрт жылдагы жетишкендиктери жөнүндө сөз болуусу күтүлүүдө. Кайрылуу видеосу бүгүн, 19-январда жарыяланышы мүмкүн.

АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Жо Байдендин инаугурациясы эртең, 20-январда өтөт. Дональд Трамп бул инаугурацияга катышуудан баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан