Кыргыз өлкөсү Pfizer вакцинасынан баш тартат. Саламаттыкты сактоо министри себебин айтты

Кыргыз өлкөсү Pfizer вакцинасынан баш тартат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде айтты.

Анын айтымына караганда, өлкөдө Pfizer вакцинасын сактай турган атайын муздаткычтар жок.

"Кыргыз өлкөсү COVAX (глобалдык эмдөө альянсы) программасына кирдик. Ал аркылуу каражат жок өлкөлөргө жардам берилет. Программанын алкагында 1 миллион 200 доза вакцинаны акысыз беребиз деген келишим түзүлдү. Бирок ал жерде 8 вакцинанын ичинен бизге америкалык Pfizer вакцинасын беришти. Бүгүн дагы ошол альянс менен сүйлөшөм. Балким, башка вакцина беришет.

Pfizer америкалык жакшы вакцина. Бирок аны алып келип, элге жеткирип бергенге чейин -70 градус муздаткычта кармап туруш керек. Бизде андай муздаткычтар жок. Мындай учурда вакцинаны алып келүүдө пайда жок. Азыркы кезде өнүккөн өлкөлөрдө муздаткычтарды сатып алып, вакцинаны ошолорго сакташууда. Бизде чоң шаарларга, райондук борборлорго коюш үчүн муздаткыч алууга 2 миллион доллар керек экен. Андай каражат биздин бюджетте жок", - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Ошондой эле министр COVAX программасына Орусиянын 3 вакцинасы кирбей калгандыгын айтып өттү.

"COVAX программасына Орусиянын 3 вакцинасы кирбей калыптыр. Ошондуктан биз Владимир Путинге кат жөнөттүк. Ал жактан 500 миң дозада вакцина сурадык. Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко менен сүйлөшкөндө ал макул болду. Жакын арада бул сунуш чечилет. Алардын вакцинасы боюнча -2 градустан -20 гардуска чейин муздаткычта сакталганы бар экен. Ал муздаткычтардын кээ бири бизде бар, бирок жетишсиз. Бул боюнча Финансы министрлигинен каражат сурадык. Вакцина боюнча даярдыктар жүрүүдө. 2-3 айдын ичинде Орусиянын вакцинасын алып келебиз", - деп кошумчалады Алымкадыр Бейшеналиев.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнө америкалык компаниянын коронавируска каршы вакцинасы сунушталып жатканы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
futboler
2021-01-19 15:47:05
Pfizerден албагыла, андан Европада канчалаган адамдар өлүп жатат, Орусиянын эле вакциналарынан алгыла.
+4
Nur777
2021-01-19 22:42:28
Пфайзерден албагылааа!!! Норвегияда 23 киши каза болгон,дагы башка жерлерде каза болгондор коп,санын эстей албай жатам,ишенбесенер Тиффани Довер деген америкалык медсестра прямой эфирде вакцина алып жатып олгон,коргуло,болушкуло!!!
Супер-Инфо,ушу маалыматты иликтеп,чыгаргылачы сураныч...
+2
TIMON_BERKOWITZ
2021-01-19 22:46:21
Pfizerден коро озубуздун алас аласыбыз жакшы!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан