Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтары бүткүл Орусия боюнча митинг өткөрүүгө даярданып жатышат

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтары бүткүл Орусия боюнча митингдерди өткөрүүгө даярданып жатышат. Бул тууралуу орус басылмалары Навальныйдын аймактардагы штабдарынын жетекчиси Леонид Волковго таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматта нааразычылык акцияларын уюштуруу 23-январга пландалганы жазылган.

"Бардык штабдар өлкө боюнча митингдерди өткөрүүгө даярдыктарды көрө баштады. Алар жаңы соттун болушун күтпөйт. Алексей Навальный тез арада бошотулушу керек", - деп жазган Леонид Волков.

Ал эми Алексей Навальныйдын өзү дагы тарапташтарын митингдерге катышууга чакырган.

"Көчөгө протест көрсөтүп чыккандан коркпогула, силер мен үчүн эмес, өзүңөр жана келечегиңер үчүн чыгып жатасыңар", - деп Навальный Химки шаарынын полиция бөлүмүндө жазылган кайрылуусунда билдирген.

Маалым болгондой, 17-январь күнү Орусиянын Федералдык кызматы тарабынан изделип жаткан Навальный Германиядан Орусияга кайтып келгенде аэропортто кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazarnew
2021-01-20 09:13:18
Митинг кылгыла, Навальный бул Россиянын Садыр Жапарову, долой пупкин.
+4
Mister-XXX
2021-01-20 10:08:23
nazarnew,Путин кетсе ким келет?Жириновскийдин келишин күтүп жатасынбы?Же ошого окшогон нацист келип калсачы...Сен Кыргызстанда жатсан да Жириновскийдин айтканынан чыкпай каласын,не только мигранттар эмес.
-6
batleybesh
2021-01-20 10:33:55
nazarnew,эмне САДЫРДЫ кудай коруп алгансынбы?
2 3 жыл иштесин анан айтчы?
Путин жакшыле иштеп результатын коргозуп койгон саясатчы! Бул батыштын бир планы путинди тактыдан тушуруш керек, Россига бир запатты колдогон, баш ийген бир Адам койуш керек!
-6
Aiymkunumjyldyzym
2021-01-20 11:26:39
Кыргыздардыкындай эрк,журок жок го дейм.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан