Индияда жүк ташуучу унаа жолдун четинде уктап жаткан мигранттарды тебелеп кетип, 15 адам каза болду

Индиянын Гуджарат штатында жүк ташуучу унаанын айдоочусу кырсыкка кабылып, жолдун четинде уктап жаткан 15 мигрант каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай трактор менен сүзүшүп кетип, анын натыйжасында уктап жаткан мигранттарды тебелеп кеткен.

Ошондой эле дагы 6 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон жарандар Раджастан штатынан келген мигранттар болгон. Өлкөнүн өкмөт башчысы каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, ооруканада жаткандардын тез сакайып кетүүсүн билдирген.

Индияда көбүнчө жумушчу мигранттар жол четине жатып уктаганы адатка айланган. Өткөн жылы дагы 16 адамды жүк ташыган айдоочу көрбөй калып тебелеп кеткени жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
algakaray
2021-01-19 21:13:39
Жолдон алысыраак жатып уктшса эмне болот эле. Жолдун жээги кооптуу экенин тушунушот да баары эле
+2
nazira...
2021-01-19 21:23:28
Тоөба, ажал да.
+1
Belek1710
2021-01-19 21:41:10
Жолдун жээгинде турган коркунучтуу өзү, көбүнчө шопурлар аварийкасын күйгүзүп туруп алышат, бузулуп калса бир жөн.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан