Дональд Трамптын жубайы АКШ элине биринчи айым катары коштошуу сөзүн сүйлөдү

Дональд Трамптын жубайы Мелания Трамп АКШнын жарандарына өлкөнүн биринчи айымы катары акыркы сөзүн сүйлөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мелания Трамп "биринчи айым" статусу жана АКШ элинин атынан дүйнөлүк коомчулукка чыгуу мүмкүнчүлүгү анын жашоодогу эң чоң сыймыгы болгонун айтып, тартипти жана коопсуздукту сактагандыгы үчүн укук коргоо органдарына ыраазычылыгын билдирди. Ал Ак Үйдө өткөн төрт жылы унутулгус болгонун дагы кошумчалады.

Ошондой эле ал коронавирус пандемиясы учурунда этият болууга үндөп, карантин учурунда кызмат кылган медициналык кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

"Мен ата-энелер балдарын мыкты жана кайраттуу болууга, биздин өлкөнү эркиндиктин өлкөсүнө айлантуу керектигин айтып тарбиялашат деп чын жүрөгүмдөн ишенем", - деп билдирди кайрылуусунда.

Мелания биринчи айым катары өз ишмердүүлүгүндө жаш муундардын кызыкчылыктарын, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жашоо-шартын жакшыртуу маселесин көзөмөлгө алгандыгын кошумчалады. Ал балдардын бакубаттуулугун, интернеттеги коопсуздугун жана башка көйгөйлөр алардын ишинин негизги багыттары катары болгонун белгиледи.

Дональд Трамптын жубайы АКШ элине коштошуу сөзүн айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Jalal76
2021-01-19 19:53:51
Садыр Жапаров бензинди арзандатса жакшы болмок.
+2
Scorpion_09
2021-01-19 20:07:55
Jalal76,айнып калдынбы ? Жапаров дагы президент Боло элек , сен Алма быша электе оозума туш деп жатасын го
-1
Jalal76
2021-01-19 21:24:45
Scorpion_09, сен саясатка тушунбойт окшойсун, азыр Садырдын командасы иштеп жатат.
+5
Scorpion_09
2021-01-20 02:30:22
Jalal76,сен Жапаров болгондо суйло макулбу? Азыр шариман болгондо мындан эки эсеп кымбат болмок
-1
Sagin-85
2021-01-19 20:22:25
Президент болсун аны да коробуз канчалаган убадалары бар самалетко билет баасын арзандатса ошондо ишенсе болот укмк нын кинолоруна ишенич жок
+2
zhaynak
2021-01-19 21:48:51
Бул Садыр Жапаровтун жубайыбы эмне? Темага жараша талкуулабапсыныр да.
+4
Neiro
2021-01-20 00:14:11
Баткенде өрүк жакшы болот
+2
algakaray
2021-01-20 01:31:51
Быйыл картошканын баасы жакшы болду ээ)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан