Бүгүн, 19-январь күнү эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путин муздак сууга түшүү жөрөлгөсүнө катышты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
"Менден көбү Путин салтка айланган муздак сууга түшүүгө катыштыбы деп сурап жатышат. Баарыңыздар билгендей, бул элибиздин салттуу көрүнүшү. Демек, анын дагы салты. Ал каада-салттарды бекем карманат", - деп билдирген президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков.