АКШнын "Moley Robotics" компаниясы ашкана ишин кынтыксыз аткарган роботту презентация кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Атайын даярдалган видеодо анын кадимки адамдардай эле тамак жасай аларын көрүүгө болот.
"Текчеден тиешелүү азык-түлүктү өзү эле алып, кууруп, бышырып, ал тургай күйгүзүп жибербей аралаштырып да турат. Отту азайтып же көбөйтө алат. Бир нерсе төгүлүп же чачылып кетсе жыйнап да коёт. Идиш-аякты кадимкидей жууйт. Түзүүчүлөр темир ашпозчунун эсине тамак-аш жасоонун беш миң ыкмасын киргизишкен", - деп жазылат маалыматта.
Аталган роботту иштеп чыккан адистер ээси тажап кетпеш үчүн кулинария китебин ай сайын жаңылап турууну пландап жаткандыгын да кошумчалаган.