Дональд Трамп Жо Байдендин инаугурациясына төрт саат калганда Вашингтондон чыгып кетет

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Жо Байдендин инаугурациясына төрт саат калганда Вашингтон шаарынан чыгып кетет. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Дональд Трамп жана анын жубайы Меланья Трамп таңкы саат 08:00дө Флорида штатына кетишет. Буга чейин, Трамп Жо Байдендин инаугурациясына катышпай тургандыгын билдирген.

Жо Байдендин инаугурациясы бүгүн, 20-январда Вашингтон шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан